Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

ЖККУнун баш катчысын шайлоо кийинки жылга калды


ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа.
ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа.

Санкт-Петербургда өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөрдүн президенттеринин жыйынында уюмдун жаңы баш катчысы шайланган жок. Бул тууралуу журналисттерге учурдагы баш катчы Николай Бордюжа билдирди. Анын айтуусунда, жаңы баш катчыны шайлоо маселеси уюмдун кийинки жылдын апрелинде өтчү жыйынында каралат.

ЖККУнун бул жолку жыйына Беларустун президенти Александр Лукашенко катышкан жок.

Николай Бордюжа уюмдун баш катчылыгын 2003-жылдан бери аркалап келет. Былтыр анын кызмат мөөнөтүн 2017-жылдын январына чейин узартуу чечими кабыл алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG