Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:36

Ормуковдун ырында аймакка бөлүүнүн белгилери бар экенин экспертиза аныктады


Темирлан Ормуков.
Темирлан Ормуков.

Башкы прокуратура Бишкектин тургуну Темирлан Ормуковдун президентти сындап социалдык тармакка жазган ырында “аймак аралык козутуунун” белгилерин аныктады. Бул тууралуу ырдын автору “Азаттыкка” билдирди.

Ормуковдун айтуусунда, аны Башкы прокуратурага чакырып, филологиялык экспертизанын жыйынтыгын тааныштырган. Анда ырдагы “Таластын элин эл дебей, таарынткан калкка теңдебей” деген саптарды “аймак аралык козутуунун” белгилери бар экени айтылган. Темирлан Ормуков бул корутундунун көчүрмөсүн бербей жатканын билдирип, ырда эч кандай аймакка бөлүү жок экенин ырастоодо.

Бул маселе боюнча Башкы прокуратура жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов комментарий бере элек. Депутат Бекешов Ормуковдун социалдык тармакка жарыялаган “Ажонун ооруп жүрөгү” аттуу ырында президенттин беделине шек келтирген деген жүйө менен Башкы прокуратурага кайрылган эле. Мындан соң Баш прокуратура Темирлан Ормуковду суракка чакырып, атайын филологиялык экспертиза дайындаган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG