Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Бишкек-Ош жолунда тыгын пайда болду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкек-Ош жолунун 134-чакырымы менен 143-чакырымы аралыгында 25тен ашык жүк ташуучу машине токтоп калып, жолдо тыгын пайда кылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, унаалар дөңгөлөгүндө чынжырчасы жок болгону жана айрымдарынын жайкы солярка колдонгону үчүн жүрбөй калып жатат.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды жолго чыгарды жакшы даярдык көрүп чыгууга чакырууда.

Акыркы күндөрү жааган кар жана жолдордун тайгактыгынан улам Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына мезгил мезгили менен чектөө киргизилип жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG