Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:11

Ооганстандык учкуч аял АКШдан башпаанек сурады

Ооганстандык учкуч аял Нилофар Рахмани
Ооганстандык учкуч аял Нилофар Рахмани

Ооганстанда аскер аба күчтөрүнүн учкучу, АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Күчтүү аялдар” сыйлыгынын ээси Нилофар Рахманинин Кошмо Штаттардан башпаанек сурап кайрылышы коомдо кызуу талкууларды жаратты.

Ооган бийликтери 26-декабрда жасаган билдирүүсүндө Рахманинин бул кадамдарын “уят иш” катары баалап, анын коркутууларга дуушар болуп жатканы тууралуу айткандарын “шылтоо” деп аташты.

Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Мохаммад Радманиш өкмөт, Ооганстандагы коопсуздук күчтөрүн түзүүгө миллиардаган долларларды жумшаган Кошмо Штаттар Рахманинин бул суранычын четке кагарына үмүттөнөрүн билдирди.

АКШда бир жылдай аскерий даярдыктан өткөн Нилофар Рахмани New York Times (NYT) жана Wall Street Journal басылмаларына өткөн жумада жарыяланган маекте өз коопсуздугунан улам Ооганстанга кайтууну каалабасын айткан. Ал Ооганстандагы кырдаал жакшырбай эле “күндөн күнгө оорлошуп” баратканын кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG