Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Парламент комитети биометрикалык паспорт демилгесин четке какты


Кыргыз паспорту.
Кыргыз паспорту.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо боюнча комитети “Инсандыкты күбөлөндүргөн улуттук документтер жөнүндө” мыйзам долбоорун четке какты. Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөсү Каныбек Иманалиев “Азаттыкка” билдирди. Аталган мыйзам долбоорду депутат Дастан Бекешов иштеп чыккан. Анда жарандарга биометрикалык паспортторду берүү каралган. Мындай паспорттордун мөөнөтү он жылды түзөт.

Бирок депутаттар сунушталган мыйзам долбоорунда көптөгөн кемчиликтер бар экенин айтышып, аны четке какканын Каныбек Иманалиев кабарлады.

Кийинчерээк мыйзамды иштеп чыккан Дастан Бекешов да өз демилгесин артка чакырып аларын билдирип чыкты.(BkA)

XS
SM
MD
LG