Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:42

Путин мурдагы советтик республикалар жаңыча интеграцияланышына кызыкдар

26-декабрда Армения, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын президенттери Санкт-Петербургда  жолугушту.
26-декабрда Армения, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын президенттери Санкт-Петербургда жолугушту.

Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков өткөн жумада орусиялык телеканалдардын биринде билдирди. Ал ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин 1991-жылы болгон Советтер Союзунун таркашын “катастрофа” деп эсептерин кошумчалады.

- Убакыт айтка кайтарылбагандыктан, Путин мурдагы Советтер Союзунун аймагында жаңы интеграция зарыл деп эсептейт,- деди Песков.

26-декабрда Армения, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын президенттери Санкт-Петербургда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн өлкө башчыларынын жыйынына катышты.

Жолугушууга аталган эки уюмга тең мүчө Беларустун президенти Александр Лукашенко келген жок.

​
XS
SM
MD
LG