28-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын табы:
Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…3.
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30, күндүз -12…-17.
Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…3.
Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…3.
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…3.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…1 градус жылуу.
Нарында түнкүсүн -21…-26, күндүз -12…-17.
28-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен мезгил-мезгили менен кар жаайт, күндүз кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -1…-3° суук, күндүз 0…2° жылуу болот.