Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Ирандагы оппозиция лидери партия башчылыгынан кетет


Мурдагы реформатор, "Улуттук фонд" партиясынын лидери Мехди Карруби.
Мурдагы реформатор, "Улуттук фонд" партиясынын лидери Мехди Карруби.

Ирандагы оппозициянын алдыңкы лидерлеринин бири, соңку алты жылдан бери үй камакта жүргөн Мехди Карруби өз партиясынын баш катчылыгынан кете тургандыгын билдирди.

“Улуттук фонд” партиясына жолдогон катында Карруби анын бул кадамы 2017-жылдын май айында өтө турган президенттик шайлоонун алдындагы биримдикти сактоо аракети экендигин жазды.

“Менин 2011-жылдан берки абалымды эске алуу менен жана бул канчага созулары беймаалым болгондуктан досторумдан менин кызматтан кетишимди кабыл алууну суранам”,- деген кайрылуудагы сөздөрүн Shargh гезити жарыялады.

Каррубинин бул кадамын анын уулу Хоссейн Карруби да ырастады.

Оппозицялык партиялардын лидерлери 79 жаштагы Мехди Карруби жана Мир-Хосейн Мусави 2009-жылы өткөн президенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөтүшкөн. Ахмединижад уткан бул шайлоодон соң Карруби менен Муссави нааразылык акцияларынын башында туруп, добуш берүүнүн жыйынтыктарына каршылыгын билдиришкен. 2011-жылы алардын тарапкерлери Тегеранда өкмөткө каршы акция уюштурганда экөө тең камакка алынган. Ошондой эле камакка Мусавинин жубайы, аялдардын укугун коргоо менен алектенген Захра Рахнавард да алынган.

XS
SM
MD
LG