Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Румыниянын президенти мусулман аялдын талапкерлигин четке какты


Румыниядагы Социал-демократтар партиясы премьер-министрликке көрсөткөн алгачкы аял талапкер Севил Шайдех.
Румыниядагы Социал-демократтар партиясы премьер-министрликке көрсөткөн алгачкы аял талапкер Севил Шайдех.

Румыниянын президенти Социал-демократтар партиясы премьер-министрликке көрсөткөн Севил Шайдехтин талапкерлигин четке какты. Эгер Шайдех өкмөт башчылыгына келсе ал бул өлкөдөгү алгачкы аял жана мусулман премьер-министр болмок.

2015-жылы алты ай Аймактык өнүгүү министрлигин жетектеген Шайдехтин талапкерлигин кабыл албаганын президент Клаус Йоханнис 27-декабрда жасаган телекайрылуусунда билдирди. Ал бул кадамдын негизги себептерин деле атаган жок.

- Мен Шайдетин талапкерлигине каршы жана макул бардык аргументтерди салмактап көрүү менен партиянын бул сунушун кабыл албоону чечтим, - деди Йоханнис.

Ал 11-декабрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен Социал-демократтар партиясын дагы бир талапкер сунуштоого чакырды.

Партиянын лидери Ливиу Драгня 2012-жылкы референдумдун жыйынтыгын бурмалоого катышкан деп айыпталып, шартуу кесилген. Ал өзү күнөөсүз экенин айтып келет.

51 жаштагы Шайдех аймактык өнүгүү министри болгондо бул өлкөдө куранга колун коюп ант берген алгачкы саясатчы болгон.

Буга чейин айрым оппозициялык саясатчылар Шайдехтин өкмөт башчы болуусуна жетиштүү тажрыйбасы жоктугун айтып келишкен.

XS
SM
MD
LG