Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Иракта журналист аял уурдалды


Ирак журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн бири деп эсептелет.
Ирак журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн бири деп эсептелет.

Ирак бийликтери маалымдагандай, белгисиз куралчан адамдар журналисттин үйүнө кол салышып, аны уурдап кетишкен.

Өкмөттү жана өлкөдөгү коррупциялык аракеттерди сындап келген Афрах ал-Каиси 26-декабрда Багдаддагы үйүнөн уурдалган.

Окуя болордон бир нече саат мурда ал өлкөдө куралчан топтордун мыйзамсыз аракеттери жазаланбай жатканын сындаган макала жарыялаган.

Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади коопсуздук күчтөрүнө тапшырма берип, журналистти куткаруу үчүн тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды.

Ирактын Ички иштер министрлиги окуяны иликтөө боюнча атайын топ түзүлгөнүн маалымдады.

Ирак журналисттер үчүн эң кооптуу мамлекеттердин бири.

XS
SM
MD
LG