Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Сочиде самолет учкучтардын катасынан кыйраганы айтылууда


Ту 154 учагы.
Ту 154 учагы.

27-декабрда табылган учактын "кара кутуларын" иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктары муну ырастаганын "Интерфакс" агенттиги өз булактарына таянуу менен жазып чыкты. Бирок, бул маалымат расмий тастыкталган жок. "Кара кутулардагы" жазуулардын чечмелениши боюнча кеңири маалымат да тарай элек. Уч куту тең табылып, иликтенүүдө.

Орусиядан Сирияга бараткан Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы 25-декабрда кыйраган. Анын бортундагы 92 адамдын баары набыт болду. Федералдык коопсуздук кызматы терракт версиясын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG