Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Москвада кыргызстандыктарга жасалма билет саткан аял кармалды


Жасалма билет сатылган жер.
Жасалма билет сатылган жер.

Орусияда Москва-Бишкек жана Москва-Ош багытында жасалма билет сатып жүргөн кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, шектүү жаран 200гө жакын кыргызстандыкка жасалма билет саткан. Жыйынтыкта билет алган 40тан ашык адам мекенине уча албай калышкан. Учурда кармалган аял Орусиянын укук коргоо органдарына сурак берүүдө.

ИИМ өкүлү жаңы жыл алдында кылмышка шектүүгө алдангандарды милицияга кайрылууну, учак билеттерин компаниянын авикассаларынан гана сатып алууну сунуштады.(BkA)

XS
SM
MD
LG