Анчылыкка тыюу салуу тууралуу парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев сунуш киргизди. Анын айтуусунда, коңшу өлкөлөрдө мындай чаралар оң жыйынтык берип, өлкө аймагындагы жапайы жаныбарлар ал жакка журт которуп жатат. Ошондуктан, Акаев депутаттарды жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салууну колдоого чакырды.
Жогорку Кеңеште “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр каралууда.
Аңчылык департаментинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында 12 миңден 17 миңге чейин аркар-кулжа бар. Былтыр аңчылык кылууга 65 уруксат берилип, андан 49 миллион сом түшкөн.(BkA)