Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоо мыйзамдарында бир катар кемчиликтер бар экенин айтып чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Бабановдун ырасташынча, акыркы шайлоо мындай кемчиликтерди ачык көрсөттү. Буга байланыштуу депутат шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү зарылдыгын белгилеп, бир нече сунуштарын билдирди.
Бабанов шайлоодогу административдик ресурс колдонуу менен добуштарды сатып алуунун жазасын теңдөөнү сунуштады. Ошондой эле ар бир аймактык шайлоо участокторун видео көзөмөл менен камсыздоо зарыл.
Өмүрбек Бабанов шайлоонун жыйынтыгын чыгаруунун айкын-ачыктыгына жетишүү керектигин кошумчалады.(BkA)