Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Кызматтык кылмышка айыпталгандардын 4 пайызы гана соттолот


Бул тууралуу Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү кызматтык кылмышка айыпталгандардын басымдуу көпчүлүгү жазасыз калышат.

-Укук коргоо органдары жөнөткөн кызматтык кылмышка айыпталгандардын 4 пайызы гана камалып жатат. Көпчүлүгүнө акчалай айыппул салынып же кылмыш мөөнөтү өттү деп кыскартылып жатат. Иш кыскартылган соң алар соттолду деп эсептелбей калып жатат, - деди Токтогулов.

Баш прокурордун орун басары кошумчалагандай, айрым соттор иштерди кароону атайын создуктуруп жаткан учурлар да кездешет.

Ошондуктан, бул маселе Башкы прокуратуранын координациялык жыйынында талкууланып, абалды оңдоо боюнча сунуштар иштелип чыккан жатат.

Расмий маалымат боюнча, быйылкы жылдын алты айында коррупция боюнча 300дөн ашык кылмыш иш козголгон.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG