Жогорку Кеңештин Социал-Демократтар фракциясынан депутат Нурмахамат Баяхуновго карата кылмыш иш кыскартылды. Мындай маалыматты Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Депутаттын аракетинде кылмыш курамы жок деп аныкталганы үчүн ушундай чечим кабыл алынган.
Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы Нурмахамат Баяхуновго Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда жер сатууга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген эле. Өткөн жылы Нурмахамат Баяхунов менен үйгө муктаждардын “Нур күч” атуу бирикмесинин ортосундагы жер маселеси боюнча жаңжал тутанган.
Аталган бирикме мүчөлөрү ошол кездеги Ново-Покровка айылынын башчысы Баяхуновго 16 миллион сом чогултуп, айыл чарба жоготууларына кенемте катары беришкенин айтып келишет. Бирок Баяхунов мунун баарын четке кагып, акча албаганын жана эч кимге эч кандай убада бербегенин билдирүүдө.
Быйыл ноябрь айында Нурмахамат Баяхунов Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты катары мандат алган.(BkA)