Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Алты жылда 82 милиция кызматкери жумуш учурунда курман болгон


Кыргызстанда 2010-жылдан бери кызматтык милдетин аткаруу учурунда 82 милиция кызматкери курман болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Анын айтуусунда, жумуш учурунда 1591 кызматкер жарат алган.

Бүгүн парламентте ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык-укуктук корголушунун абалы боюнча акыйкатчы Кубат Оторбаев баяндама жасап жатат.

Анын маалыматы боюнча, жумуш учурунда курман болгон жана жаракат алгандар мамлекеттен жардам көрсөтүү боюнча олуттуу даттануу жок.

Оторбаев милиция кызматкерлеринин көпчүлүгү айлык акынын аздыгы жана ашыкча иштегени үчүн кошумча маяна төлөнбөгөнүнө нааразы болушкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG