Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Нурбек Алимбеков Тайванга барганы үчүн вице-спикерликтен кетти


Нурбек Алимбеков (оң жактан биринчи).
Нурбек Алимбеков (оң жактан биринчи).

"Кыргызстан" партиясынан депутат Нурбек Алимбеков Тайванга барып келгенден кийин Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматынан кетти. Бул тууралуу Алимбеков парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Кызматын тапшырууга Алимбековдун Тайванга өз алдынча барып келиши себеп болгон. Нурбек Алимбеков бул сапар Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизбесин деген ниетте вице-спикерликтен кетерин жарыя кылды.

- Биз Кытай менен стратегиялык кызматташтыкка маани беришибиз керек. Биз тараптан күнөө кеткенин моюнга алуу менен вице-спикерлик кызматты өз ыктыярым менен тапшырам, - деди Алимбеков.

Тайван Тынч океанында жайгашкан арал. Кытай Тайванды өзүнүн аймагы катары эсептейт. Тайвандын лидерлери Кытайдан толук көз карандысыз болууну каалашат.(BkA)

XS
SM
MD
LG