29-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаайт. Күндүз республиканын көпчүлүк райондоруна кар түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын табы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6.
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13.
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5.
Баткен облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 1…6.
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…2, күндүз 1…6.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…2 градус жылуу.
Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -7…-12 суук.
28-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 0…-2° суук, күндүз 4…6° жылуу болот.