Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Анталияда кыргызстандык делген кыздын тек-жайы аныкталууда


Cоцтармактан алынган сүрөт.
Cоцтармактан алынган сүрөт.

Анталияда ооруканада эс-учун жоготуп жаткан кыргызстандык делген кыздын тек-жайы аныкталууда экенин "Азаттыкка" Анталияда жашаган Гүлмира Исабекова билдирди. Анын айтуусунда, кыргызга түспөлдөш кыз оор абалда Анталия шаардык ооруканасына түшкөн. Мындан соң полиция бул шаардагы кыргыз диаспорасына маалымат берген. Эс-учу жок жаткан кызды Анталиядагы тоолуу аймактан табышкан. Аны ур-токмокко алып, машинадан ыргытып жиберишкен деген божомол бар. Бирок жанында эч бир документи жоктугунан тек-жайы аныкталбай жатат.

- Азыр анын ким экенин издештирип жатабыз. Казакстандын, Түркмөнстандын консулдуктары да бул жаатта иштеп жатат. Анын ким экенин билсек, анан медициналык камсыздандыруусун караштырабыз. Анткени кыздын абалы өтө оор, реанимация бөлүмүндө жатат, - деди Исабекова.

Ушул тапта Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугуна кабар берилип, бейтаптын тек-жайын аныктоого аракет көрүлүп жатат. (ElB)

XS
SM
MD
LG