Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Орусия Тажикстандагы Айни аба базасын колдонууга кызыкдар


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бул тууралуу Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов 27-декабрда билдирди. Анын айтуусунда, Орусиянын Тажикстандагы 201- аскерий базасы үчүн авиациялык камсыздоо зарыл болууда. Бүгүнкү күндө Айни аба майданында 201-базага таандык төрт тик учак бар. Айни аба майданы Душанбе шаарынан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. 2007-жылы Индия адистери менен оңдолгон. Дели ага 70 млн. доллар бөлгөн. Индия да бул аба базасын ижарага алууга кызыкдар.

Санкт-Петербургда өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынында Ооганстан менен чек арасын коргоо үчүн Тажикстанга көбүрөөк аскерий-техникалык жардам берүү маселеси талкууланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG