Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Казакстан өкмөтүндө жаңы дайындоолор болду


Дипломат Кайрат Абдрахманов.
Дипломат Кайрат Абдрахманов.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн тышкы иштер жана экономика министрлерин алмаштырды.

Тышкы иштер министри Ерлан Идрисовдун ордуна Кайрат Абдрахманов, экономика министри Куандык Бешимбаевдин ордуна Тимур Сулейменов дайындалганын Казакстан президентинин маалымат кызматы 28-декабрда маалымдады.

Абдрахманов буга чейин Казакстандын БУУдагы элчиси болуп келген. 38 жаштагы Сулейменов Казакстандын Экономикалык жана финансылык саясат боюнча коллегиясынын мүчөсү болуп келген. Ал Казакстандагы Павлодар жана АКШдагы Мэриленд университеттеринде билим алган. (AiT)

XS
SM
MD
LG