Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

Бишкек-Ош автожолундагы кырсыктан 4 адамдын өмүрү кыйылды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жол кырсыгы 28-декабрда кечке жуук аталган каттамдын 558-чакырымында, Сузак районунда болгон. КамАЗ менен Хонда-Фит автоунаасы кагылышып, жеңил машинедегилердин баары курман болгон. Алар Базар-Коргон районунун тургундары экени аныкталды.

Кыргызстан КМШ боюнча жол кырсыктары эң көп катталган алдыңкы беш өлкөнүн катарында турат. Расмий маалыматтарга таянсак, соңку беш жылдан бери Кыргызстанда жылына үч миңдин айланасында жол кырсыгы катталып, андан жыл сайын миңге чукул адам каза таап, беш миңдейи ар кандай жаракат алат.

Быйыл тогуз айда катталган үч жарым миңден ашуун жол кырсыгынан 600гө чукул киши набыт кетип, 5600дөн ашууну жараат алды.

XS
SM
MD
LG