Казакстан Кыргызстанга бөлчү 100 миллион доллар баскыч-баскычы менен бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Берилчү акчанын алгачкы бөлүгү - 7,5 миллион доллар жакын арада келмекчи.
26-декабрда Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосунда көмөк көрсөтүү жана пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча протоколго кол коюлган.
Анын алкагында Казакстан бөлчү 100 миллион доллар Кыргызстандагы чек ара өткөрмө бекеттерин жана лабораторияларды ЕАЭБдин шартына ыңгайлаштырууга жумшалат.
Казакстандын көмөк көрсөтөрү тууралуу буга чейин кабарланган. Бирок ал жардам кечеңдеген үчүн Кыргызстан чек ара бекеттерди өз каражаты менен оңдоону баштаганын билдирип келатат.
Азыркы учурга чейин кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл алынбай келет. Буга казак тараптын каршылыгы себеп болуп жатканын кыргыз бийлиги ырастоодо.(BkA)