Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:58

Мындай маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Мирлан Бакиров көтөрүп чыкты. Анын айтуусунда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кабыл алынган ЕАЭБдин Бажы кодексинин айланасында абдан көп суроолор жаралууда.

- Ноябрь айында өкмөт башчылардын деңгээлинде аталган документ макулдашылган болчу. Бирок акыркы кырдаал анда кандайдыр бир мүчүлүштүктөр бар деп күмөн жаратууда. Аталган кодексте биздин ишкерлер үчүн кандай жеңилдиктер, кандай шарт бар экени белгисиз,- деди Бакиров.

Буга байланыштуу депутат Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексин Жогорку Кеңеште талкуулоодон мурун жакшылап карап, иликтеп чыгууга чакырды.

Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси 26-декабрда Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кабыл алынган. Анын жүрүшүндө аталган кодекске Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин алгач кол койбогону тууралуу кабар тарап, бирок кийин бул төгүнгө чыгарылган. Кыргыз тарап муну кодексте өлкө сунуштаган өзгөртүүлөр эске алынганы менен түшүндүргөн. Эми аталган документти уюмга мүчө өлкөлөрдүн парламенттери ратификациялашы зарыл.

Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси уюмга мүчө өлкөлөрдүн бажылык мамилелерин аныктаган негизги документ. Аны даярдоого биримдик мүчөлөрү үч жылга жакын убакыт сарпташты.

Кодекс уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы бирдиктүү бажы чөлкөмүн түзүү, соода жүгүртүүнүн бирдиктүү эрежелерин камтыйт. ЕАЭБге Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения мүчө.(BkA)

XS
SM
MD
LG