Бишкек шаар кеңешинин жаңыдан шайланган депутаттарына мандат тапшырылат. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, БШК бекиткен тизме боюнча мандаттар тапшырылмакчы.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрга өткөн. Бишкек шаардык кеңешине 14 партия ат салышып, Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партиялары 7 пайыздык босогодон ашкан.(BkA)