Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолуна көчкү түшүп, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, унаа жолдогу Талдык ашуусуна бүгүн 2000 куб метрге жакын кар көчкү түшүп, жолду тороп калган. Учурда жол тазалана баштады.(BkA)