Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

АКШ Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялары күтүлүүдө


Президент Барак Обама.
Президент Барак Обама.

Бул тууралуу америкалык маалымдоо каражаттары кабарлоодо. Маалыматка караганда, президент Барак Обаманын администрациясы Орусияга каршы жооп чараларын бүгүн, 29-декабрда жарыялаганы жатат.

Санкциялар бул ирет Орусия быйылкы АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Демократиялык партиянын электрондук каттарын хакерлик жол менен уурдап, жарыялады деген айыптоолордон улам киргизилмекчи.

“Вашингтон Пост” гезитинин ысымы айтылбаган расмий өкүлгө таянып жазганына караганда, Ак үй Орусияга каршы бул ирет көрүп жаткан чаралар багыттуу экономикалык санкцияларды, ким экендиги аныкталган хакерлерди айыптоо актыларын, ошондой эле орус дипломаттары боюнча чектөөлөрдү камтыйт.

Буга чейин америкалык маалымдоо каражаттарында АКШнын Борбордук чалгын кызматынын Орусия айыпталган хакерлик чабуулдардын максаты Дональд Трамптын шайлануусуна жардам берүү болгон деген бүтүмү жарыялаган.

Бирок, шайланган президент Дональд Трамп Орусия АКШнын шайлоосуна хакерлик жол менен кийлигишкенине күмөн саноосун билдирген болчу.

Ал эми кызмат мөөнөтү бүтүп бара жаткан президент Барак Обама Орусияга каршы чара көрүлөрүн жакында ачыктаган.

Орусия тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Вашингтондун жаңы санкцияларына Москва жооп берет деп ырастады. (UE)

XS
SM
MD
LG