Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:12

“Ата Мекен” партиясы Сегизбаевди жоопко тартууга чакырат


Абдил Сегизбаев документтерди Алмазбек Атамбаевге көрсөткөн.
Абдил Сегизбаев документтерди Алмазбек Атамбаевге көрсөткөн.

“Ата Мекен” партиясы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевдин аракеттерине укуктук баа берүүгө чакырды. Бул тууралуу партиянын бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылат. Анда партия “Белизгейт” чырын УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев атайын уюштуруп, оппозициячыл саясатчыларды каралоо аракети деп эсептерин билдирген. Ошондой эле бул чыр айланасында айтылган буга чейинки маалыматтар тастыкталган жок деп эскертип, Башкы прокуратурадан Сегизбаевдин аракетине мыйзамдык баа берүүнү суранган.

Өткөн айда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынды делген документтерди көрсөткөн. Ал документтер боюнча үч “атамекенчи” депутат мындан төрт жыл мурун “Альфа телекомдун” акциясынын жарымын сатууга аракет кылган деп айтылган. Бул фактыларды иликтөө үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Ушул апта башында “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев УКМК жарыялаган документтердин жасалма экени аныкталды деп айтып чыккан. Ал мындай жыйынтыкты социалисттер Белизде жалдаган юридикалык фирманын иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып билдирген. УКМК Текебаевдин мындай маалыматтарын "ачууга алдырып жатат" деп билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG