Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев абактан чыкты


Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазов сот процессинде
Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазов сот процессинде

29-декарда Бишкектин 1-Май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын жакындары кабарлашты. Учурда Нарымбаев абактан чыгуу үчүн тиешелүү процедураларды өтүүдө, андан соң үйүнө чыгат.

Нарымбаев Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара талап кылган деген айып менен 2015-жылдын жайында УКМКнын абагына камакка алынган. Аны менен кошо Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Хажимурат Коркмазов дагы камакка алынган. Бишкектин 1-Май райсоту аларга тагылган коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдаланды деген беренелер боюнча айыптоолорду алып салып, көз боёмочулук деген кине менен Нарымбаевди үч жылга, Коркмазовду бир жарым жылга эркинен ажыраткан. 1-Май райондук сотунун бул чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Экс-депутат Коркмазов быйыл май айында абактан чыккан.

XS
SM
MD
LG