Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:16

Путин: Сирияда ок атышууну токтотуу макулдашуусуна кол коюлду


Cириянын эркин армиясынын аскерлери Дараа шаарынын чекесинде.

Орусия президентинин бейшембидеги жарыясына караганда, Сирия өкмөтү жана анын оппоненттери ок атышууну бүткүл өлкө боюнча токтотуу боюнча макулдашууга жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо ниетин билдирген декларацияга кол коюшту.

Путин ошондой эле ок атышууну токтотууну ишке ашырчу чараларды камтыган документ да түзүлгөнүн кошумчалады.

Бул аралыкта Сирия армиясы жаңы макулдашуу бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча түн ортосунан тарта күчүнө кирерин маалымдады.

Орусиянын 29-декабрдагы жарыясы алдында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы Анкара менен Москва ок атышуу Сириянын бүткүл аймагында Жаңы жылга чейин токтооруна үмүттөнүп, мунун кепили болууну максат кылып жатканын, бирок Түркия Сирия президенти Башар Асад менен сүйлөшпөй турганын билдирген.

Орусия менен Түркия ок атышууну токтотуунун кепили болорун бейшембиде орус коргоо министри Сергей Шойгу да айтты.

Аталган эки өлкө Сириянын алты жылга жакындап калган жарандык согушунда бири оппозиция, экинчиси президент Асад тарапта болуп келди. Анткен менен акыркы айларда алар Сирия маселесинде тыгыз кызматташууга өтүштү. (UE)

XS
SM
MD
LG