Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

АКШда өзбек айдоочуга террор коркунучун жараткан деген айып коюлду


Хуршед Хайдаров кармалгандан кийин.
Хуршед Хайдаров кармалгандан кийин.

Жүк ташуучу унаанын өзбекстандык айдоочусу полиция менен төрт сааттай куралдуу тирешүүгө барып, мындан улам кан жолдогу кыймыл токтогон окуя 23-декабрда Канзас штатында болгон.

Полициянын 25 жаштагы Хуршед Хайдаровду куралсыздандыруу операциясы күбөлөр эл алуучу жайда токтоп турган унаадан кимдир бирөө ары-бери өткөндөргө тапанча кезеп жатканын кабарлагандан кийин башталган. Бирок ок атылган эмес.

Полиция коопсуздук үчүн кан жолду жаап, Хайдаровду анын унаасынын бир айнегин талкалап, кармоого жетишти.

Полиция анын колундагы тапанча адам өмүрүнө зыян келтирбей турган курал экенин, Хайдаров өзү мас эмес, бирок айлана-чөйрөгө ориентациясын жоготкон абалда болгонун билдирген.

Өзбекстандык айдоочу терроризм коркунучун жараткан деген айып менен 27-декабрда сотко алып барылып, бирок күнөөсүн моюнга алган эмес. Ага орус тилин билген котормочу талап кылынгандыктан, соттун кийинки олтуруму 3-январга белгиленди. (UE)

XS
SM
MD
LG