Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Путин: Сирияда ок атышууну токтотуу макулдашуусуна кол коюлду


Сирияда ок атышууну токтотуу макулдашуусу түзүлгөнү жарыяланар алдында Алеппо шаары толугу менен президент Башар Асаддын өкмөтүнүн көзөмөлүнө өтүп, шаардын чыгыш бөлүгүнөн козголоңчулар согушкерлер жана аларды колдогон жайкын тургундар көчүрүлгөн. Алеппо, 16-декабрь, 2016-жыл.
Сирияда ок атышууну токтотуу макулдашуусу түзүлгөнү жарыяланар алдында Алеппо шаары толугу менен президент Башар Асаддын өкмөтүнүн көзөмөлүнө өтүп, шаардын чыгыш бөлүгүнөн козголоңчулар согушкерлер жана аларды колдогон жайкын тургундар көчүрүлгөн. Алеппо, 16-декабрь, 2016-жыл.

Орусия президенти Владимир Путиндин бейшембидеги жарыясына караганда, Сирия өкмөтү жана куралдуу оппозиция ок атышууну бүткүл өлкө боюнча токтотуу боюнча макулдашууга жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо ниетин билдирген декларацияга кол коюшту.

Путин ошондой эле ок атышууну токтотуу режимин көзөмөлдөөчү чаралардын комплекси камтылган документ да түзүлгөнүн кошумчалады.

- Эми бул макулдашуулардын күчкө кирип иштей баштоосу үчүн баарын жасоо керек, - деди президент Путин 29-декабрда.

Бул аралыкта Сирия армиясы ок атышууну токтотуу макулдашуусу 29-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча түн ортосунан тарта күчкө кирерин маалымдады.

Бирок ок атышууну токтотуу режими азыр өзүн “Фатих ал-Шам фронту” деп атаган мурдагы “ал-Нусра фронту” экстремисттик уюмуна жайылтылбайт.

Сирия оппозициясынын улуттук коалициясынын өкүлү Ахмед Рамадандын "Франс Пресс" агенттигине айткандарына караганда, ок атышууну токтотуу макулдашуусуна “Ахрар ал-Шам” жана “Ислам топторунун армиясы” деген кубатууу бирикмелер да кошулду.

Бирок козголоңчулардын өздөрү азырынча бул маалыматты ырастай элек.

Орусиянын 29-декабрдагы жарыясы алдында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы Анкара жана Москва ок атышуу Сириянын бүткүл аймагында Жаңы жылга чейин токтошуна үмүттөнүп, мунун кепили болууну максат кылып жатканын, бирок Түркия Сирия президенти Башар Асад менен сүйлөшпөй турганын билдирген.

Орусия жана Түркия ок атышууну токтотуунун “кепили” болорун бүгүн орус коргоо министри Сергей Шойгу да айтты.

Москвадан жасалган жарыядан кийин бейшемби күнү орус жана түрк президенттери Путин менен Эрдоган телефондон байланышып, Сирияда ок атышуунун токтотулушун жана Казакстандын борбору Астанада пландалып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулашкан.

Орусия менен Түркия Сириянын алты жылга жакындап калган жарандык согушунда бири оппозиция, экинчиси президент Асад тарапты колдоп келди. Анткен менен акыркы айларда алар Сирия маселесинде жакындан кызматташууга өтүштү.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сөздөрүнө караганда, Сирия боюнча тынчтык жараянга Египет да чакырылды. Ага ошондой эле Сауд Аравия, Катар, Иордания да кошула алат.

Лавров ага катар АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын кызматка киришкенден кийин анын администрациясы бул ишти бир багытка буруу аракеттерине кошуларына үмүт билдирди.

Ал эми кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан президент Барак Обаманын администрациясы Орусия менен буга чейин Сириядагы жарандык согушту токтотуу аракетинде тыгыз кызматташып келген, бирок Москваны бул багыттагы өз милдеттемелерин аткара албаганы үчүн да айыптаган.(UE)

XS
SM
MD
LG