Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Кыргызстандын жараны ИМ тобуна кошулганы үчүн Орусияда соттолду


Талдоочулар Орусияда "Ислам мамлекети" тобуна азгыруу иштери Борбор азиялык мигранттар арасында жүргүзүлгөнүн айтып келишкен.
Талдоочулар Орусияда "Ислам мамлекети" тобуна азгыруу иштери Борбор азиялык мигранттар арасында жүргүзүлгөнүн айтып келишкен.

“Интерфакс” агенттиги кабарлагандай, Кыргызстандын жараны Равшан Акбаров Орусиянын Түндүк-Кавказ округдук сотунун өкүмү менен сегиз жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди.

Ал мыйзамсыз куралдуу топтордун ишине катышканы үчүн Орусиянын Кылмыш кодексинин негизинде айыптуу деп табылды.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы –ФСБнын Астрахан облустук бөлүмүнүн маалыматы боюнча “ Акбаров 2015-жылы Ирактын Мосул шаарына барып, “Ислам мамлекеттик” тобунун террористтик борборунан машыгуудан өткөн”.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Сирияга, “Ислам мамлекети” тобунун катарына кошулуу үчүн кеткен өлкө жарандарынын жалпы санын 500дүн тегерегинде деп болжолдогон. (UE)

XS
SM
MD
LG