Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы шайланат


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бүгүн, 30-декабрда шаардык кеңешке жаңы шайланган депутаттар алгачкы жыйынга чогулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Сессияда шаардык кеңештин төрагасы жана орун басарлары шайланат.

11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине 14 партия ат салышып, беш партия 7 пайыздык чектен өткөн. КСДП - 13, "Республика-Ата Журт" - 12, "Өнүгүү-Прогресс" – 8, “Мекеним Кыргызстан” - 7, “Кыргызстан” партиясы - 5 мандат алган. БШК жаңыдан шайланган депутаттарга 29-декабрда күбөлүк жана төш белги тапшырды. (NT)

XS
SM
MD
LG