Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Түркиялык журналист Twitter’деги билдирүүсү үчүн кармалды


Ozgur Gundem гезитин колдоочулардын пикети.
Ozgur Gundem гезитин колдоочулардын пикети.

Түрк полициясы бийликти сындап жүргөн журналист Ахмет Сыкты Стамбулдан кармады. Социалдык тармактарда, анын ичинде Twitter’де өз ойлорун жазып келе жаткан журналист "мамлекетти, анын аскерлерин жана полицияны ушактаган, террорчулукту пропагандалаган” деп айыпталууда. Бул тууралуу мамлекеттик “Анадолу” агенттиги кабарлады. Журналист өзү Twitter’деги баракчасына укук коргоо органдары аны прокуратурага алып кетип жатканын жазды.

Ошол эле маалда Стамбулда жазуучулар Аслы Эрдоган, Нежмие Алпай жана күрттөрдү жактаган Ozgur Gundem гезитинин редакторунун, кызматкерлеринин үстүнөн сот башталды. Быйыл жабылган гезиттин кызматкерлерине тыюу салынган "Күрт жумушчулар партиясына" мүчө болгон деген күнөө коюлган. Эл аралык журналисттерди коргоо комитетинин маалыматы боюнча, быйыл июлдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен бери Түркияда жалпыга маалымдоо каражаттарынын 81 өкүлү камалып, ондогон басылмалар жабылды. Өлкөдөгү репрессиялар эл аралык коомчулукту катуу тынчсыздандырууда. Укук коргоо уюмдары президент Режеп Тайып Эрдоганды көтөрүлүштү оппоненттерине каршы күрөштө колдонуп жатат деп айыптап келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG