Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

"Атанын керээзи" Орусиянын “Ника” кино сыйлыгына көрсөтүлдү


"Атанын керээзи" фильминин авторлору.
"Атанын керээзи" фильминин авторлору.

Кыргызстан кинематографисттер союзу 29-декабрда кабыл алган чечимге ылайык, “Атанын керээзи" тасмасы” Орусиянын "Ника" сыйлыгына "Курманжан Датка " көркөм фильми Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлдү.

Ошондой эле 2017-жылдын октябрында Кыргызстан кинематографисттер союзунун 55 жылдыгына карата КМШнын кинофоруму өткөрүлмөй болду.

"Атанын керээзи" тасмасында жакшы жашоо издеп, айылдан шаарга, Кыргызстандан чет өлкөгө кетип жаткандардын көйгөйү чагылдырылган. Аны быйыл режиссерлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан. Ал эми 2015-жылы мамлекет казынасынын каражатына тартылган Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка” тарыхый тасмасы бир топ эл аралык фестивалдардан байгелүү кайткан. (NT)

XS
SM
MD
LG