Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамдын тексти жарыяланды


Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум.
Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум.

Аталган мыйзамдын тексти мамлекеттик “Эркин тоо” гезитинин бүгүнкү санында басылып чыкты. Эми ал он беш күндөн кийин күчүнө кирет. Ал эми премьер-министр жана парламенттин бир катар ыйгарым укуктары боюнча беренелер 2017-жылдын 1-декабрынан тарта ишке киришет.

Президент Алмазбек Атамбаев тиешелүү мыйзамга 28-декабрда кол койгон.

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өттү. Ага жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышып, анын 79 пайыздан ашыгы бийлик сунуштаган өзгөртүүнү колдогону расмий кабарланган. Оппозиция жана жарандык коом Конституциянын өзгөртүлгөнүнө каршылык билдирип келе жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG