Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Орусия: кыргызстандык террордук аракети үчүн соттолду


Орусиянын Ростов-на-Дону аймагындагы Түндүк-Кавказ округдук аскердик соту "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөсү деп айыпталган адамды күчөтүлгөн тартипте 8 жылга абакка кести. "Интерфакс" агенттиги жазып чыккандай, Кыргызстандын атуулу Равшан Акбаров "федералдык мыйзам тыюу салган куралдуу түзүлүштөргө катышкан" деген берене боюнча айыптуу деп табылды.

"Ал былтыр Ирактын Мосул шаарына барып, өз ыктыяры менен ИМдин террордук борборунда даярдыктан өтүп келген. Андан кийин ок атуучу курал, ок-дары алган", -деп айтылат Астрахань облустук федералдык коопсуздук башкармалыгынын билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, Акбаров "Ислам мамлекети" тобуна баш ийген «Катиба Гураба жамаатына» кошулган.

УКМКнын акыркы маалыматы боюнча, Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 600дөн ашты. Ушул убакка чейин алардын 70тейи каза тапты.

XS
SM
MD
LG