Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүүдө жеңилдик берген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Орусиянын укуктук маалыматтардын расмий порталында жарыяланды. Келишимге ылайык, ар бир жылдын башында Орусиядан сатып алчу мунай продуктуларынын көлөмү аныкталып, ал үчүн бажы төлөмдөр алынбайт. Бирок Орусиядан алынган мунайды башка өлкөгө сатууга тыюу салынат.
Кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосундагы аталган келишимге быйыл июнь айында кол коюлган эле.
Буга чейин Кыргызстанда Кытай менен биргеликте Кара-Балта жана Токмокто мунайды кайра иштетчү заводдор курулган. Бирок серьенун жоктугунан аталган заводдор толук кандуу иштебей келет. Кыргыз өкмөтү Орусиядан жеңилдетилген шартта мунайды алып келүү бул заводдорду иштетүүгө түрткү болорун билдирип келген.(BkA)