Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге козголгон кылмыш иш боюнча тергөө аяктады.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Таалайбек Өмүралиев жана министрдин орун басары Нуркалый Жумабаевге карата ишти тергеп сотко жөнөттү. Алар Коргоо министрлигин жетектеп турганда республикалык бюджеттен 5 миллион сомду максатсыз пайдаланган деп шектелүүдө.
Буга байланыштуу Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан ашыра пайдалануу”, “Кылмышка шериктеш болуу”, Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылган.
Өмүралиев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. (BkA)