Бишкек шаардык кеңешине жаңы шайланган депутаттар алгачкы жыйынга чогулду. Эл өкүлдөрү шаардык кеңештин төрагасы менен орун басарларын шайлоо маселесин кароодо. Мыйзамга ылайык, сессияны депутаттардын улуусу Социал-демократтардан шайланган Эмил Шүкүров алып барууда.
11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине 14 партия ат салышып, беш партия жети пайыздык чектен өткөн. КСДП - 13, "Республика-Ата Журт" - 12, "Өнүгүү-Прогресс" – 8, “Мекеним Кыргызстан” - 7, “Кыргызстан” партиясы - 5 мандат алган. БШК жаңыдан шайланган депутаттарга 29-декабрда күбөлүк жана төш белги тапшырды. (BkA)