Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Шаардык кеңеште коалиция үч фракциядан куралды


Бишкек шаардык кеңешинин алгачкы жыйынында көпчүлүк коалиция куралды. Ага Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары кирди. “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары оппозицияда калды.

Көпчүлүк коалициянын лидери болуп Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Алмазбек Кененбаев шайланды.

Ошондой эле алгачкы жыйынындын жүрүшүндө фракциялардын лидерлери белгилүү болду.

Социал-демократтардын лидерлигине Алмазбек Кененбаев шайланды. Ал мурдагы чакырылыштын төрагалыгын аркалап келген. “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидерлигине Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадыралиев, “Өнүгүү-Прогресстин” лидерлигине Таалайбек Сариев тандалды. Ал буга чейин Бишкек шаардык кеңешинде “Ата Мекен” партиясынан депутат болчу. “Кыргызстандын” лидери болуп буга чейин шаардык кеңештеги “Замандаш” фракциясынын лидери болуп келген Таалайбек Сагынов, ал эми “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын башчылыгына Улан Абдыкадыров шайланды.

11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине 14 партия ат салышып, беш партия 7 пайыздык чектен өткөн. КСДП - 13, "Республика-Ата Журт" - 12, "Өнүгүү-Прогресс" – 8, “Мекеним Кыргызстан” - 7, “Кыргызстан” партиясы - 5 мандат алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG