Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

Тергөө тобуна баш бербеген милиционерлерге иш козголду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Башкы прокуратуранын Ош облустук тергөө башкармалыгы Алай райондук милициясынын кызматкерлерине кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Белгилүү болгондой, кылмышка шектелген Алай раймилициясынын тергөөчүсүн кармоо учурунда анын 15-20 чакты кесиптеши ИИМдин өздүк коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүшкөн.

Райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана убактылуу тергөө абагынын жетекчиси баш болгон милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү күч менен бошотуп кетүүгө аракет кылышкан.

Мындай чыр чыккан соң ИИМдин тергөө тобу райондук прокуратуранын имаратында ишин жүргүзүүгө мажбур болушкан.

Бирок Алайдын милиция кызматкерлери прокуратура имаратына кирип келип, кылмышка шектүүнү бошотуп кетишкен.

Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу”, “Тергөө иштерин жүргүзүүгө тоскоол болуу” жана “Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү” беренелери боюнча иш козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG