Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Түндүк-түштүк жолун салууга насыя алуу боюнча мыйзамга кол коюлду


Жаңы жолдогу тешкен тоо.
Жаңы жолдогу тешкен тоо.

Президент Алмазбек Атамбаев Түндүк-түштүк жолунун 159-183-чакырымдарын курууга Ислам өнүгүү банкы менен Кыргызстандын ортосундагы кредиттик макулдашууну күчүнө киргизген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 24-ноябрда кабыл алган.

Ага ылайык, Түндүк-түштүк жолунунун 24 чакырымын курууга Ислам өнүктүрүү банкы 12 миллион доллар үстөксүз насыя берет. Насыя 25 жыл ичинде төлөнөт.

Түндүк-түштүк жаңы жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Жаңы жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Балыкчы жана Жалал-Абад шаарларын бириктирген жол Кочкор - Чаек – Көкөмерен - Казарман аркылуу өтөт. Жолду толугу менен бүтүрүүнү кытайлык компания моюнуна алган. Долбоорго ылайык, курулушка жалпысынан 850 миллион доллар талап кылынат. Анын алгачкы бөлүгүн курууга кытайлык “Экспорт-Импорт” банкы 400 миллион АКШ долларды насыяга берген.(BkA)

XS
SM
MD
LG