Тиешелүү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду. Кыргызстан менен Орусиянын эки өлкөнүн аймагында жүрүү тартибинин аныктаган мыйзамга ылайык, кыргызстандыктар Орусияда, орусиялыктар Кыргызстандын аймагында 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берилет. Мындай келишимге 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлуп, парламент быйыл ноябрда кабыл алган. Буга чейин орусиялыктар Кыргызстанда 90 күн каттоосуз жүрчү. Ал эми азыркы эреже боюнча кыргызстандыктар Орусияда 7 күн каттоосуз жүрчү.
Мыйзам 7-январда күчүнө кирет.(BkA)