Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:55

Шаардык кеңеш төрагалыгына Канатбек Музуралиев шайланды


Канатбек Музуралиев.

Бишкек шаардык кеңештин төрагалыгына “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Канатбек Музуралиев шайланды. Мындай чечимди шаардык кеңеш депутаттары бүгүнкү сессиясында кабыл алышты.

Музуралиевдин талапкерлигин шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштаган. Көпчүлүк коалицияга КСДП, “Республика-Ата Журт” жана "Кыргызстан" фракциялары кирген.

Жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Музуралиевдин талапкерлигине 45 депутаттын 34ү колдоп добуш берди.

38 жаштагы Канатбек Музуралиев мурунку чакырылыштагы шаардык кеңеште “Республика” фракциясынан депутат болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG