Орусиянын атайын кызматынын маалыматы боюнча, алар Сириядан “Ислам мамлекети” террордук уюмунан буйрутма алышып, Жаңы жылда Москвада теракт жасоого камданып жатышкан. ФСБнын 29-декабрдагы маалымдоосу боюнча, шектүүлөр Дагестанда кармалышты. Алар автомат куралдары жана жардыргыч заттар менен адамдар көп чогулган жерге кол салууну көздөшкөн. Дагестандагы диний козголоңчулар 2015-жылы “Ислам мамлекетине” баш ийишкенин жарыялашкан. Москвада Жаңы жыл алдында теракт жасалыш коркунучуна байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. (AiT)