Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Сирияда айрым атышууларга карабай тынчтык келишими сакталууда


Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен Орусиянын аскерлери карапайым тургундардын Алеппо шаарынан чыгарылышына көз салууда. 16.12.2016
Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен Орусиянын аскерлери карапайым тургундардын Алеппо шаарынан чыгарылышына көз салууда. 16.12.2016

Орусия жана Түркиянын ортомчулугу астында жетишилген жалпы Сирияда ок атууну токтотуу келишими 30-декабрдан тарта күчүнө кирди. Айрым жерлердеги кагылышууну эсепке албаганда, тынчтык келишим жалпысынан сакталып жатканы кабарланды. Сентябрь айында жетишилген биринчи андай келишим бир аптага жетпей бузулган эле.

Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына көз салган уюмдун 30-декабрдагы маалыматы боюнча Хама провинциясында өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулар ортосунда кагылышуу болуп, өлкөнүн калган жактарында тынчтык өкүм сүрдү.

Орусия президенти Владимир Путин Сирияда ок атууну токтотуу келишимине жетишилгенин 29-декабрда жарыялаган. Бирок ал келишим “Ислам мамлекети” жана "Жебхат Ал-Нусра" тобуна тиешеси болбойт. Жаңы келишимге Сирия бийлиги Алеппо шаарын толук көзөмөлгө алгандан кийин жетишилди. Козголоңчулар шаардын бир бөлүгүн 2012-жылдан бери көзөмөлдөп келген. (AiT)

XS
SM
MD
LG