Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Орусия учактары Сирия түндүгүндө “Ислам мамлекетине” чабуул жасады


Сирия, Аль-Баб.
Сирия, Аль-Баб.

Бул тууралуу Түркия куралдуу күчтөрүнөн кабарлашты. Орусиянын абадан урулган соккусу ал аймактарда экстремисттерге каршы күрөшүп жаткан Түркия аскерлерине колдоо максатында жасалды. Түркия куралдуу күчтөрүнүн 30-декабрдагы маалымдоосу боюнча, акыркы 24 саатта урулган соккудан Сириянын Аль-Баб шаарында 12 жоочу өлтүрүлдү. Түркия бул региондо август айынан бери “Ислам мамлекетин” сүрүп чыгаруу максатында аскерий операция өткөрүүдө.

Аль-Баб шаарынын батышында Азрак чөлкөмүндө “Ислам мамлекетинин” жоочуларынын чабуулунан бир түрк аскери өлүп, бешөөсү жарадар болгону, түрк аба күчтөрүнүн соккусунан 26 жоочу жок кылынганы кабарланды. Бул кагылышуулар жалпы Сирияда ок атууну токтотуу келишими күчүнө киргенден кийин болууда. Орусия жана Түркия ортомчулугу астында жетишилген ал келишим “Ислам мамлекети” жана Жебхат аль-Нусра тобуна тарабайт.

Анкара 26-декабрда АКШ баштаган коалицияга кайрылып, Аль-Бабда жоочуларга абадан сокку урууда жардам сураган. (AiT)

XS
SM
MD
LG